# 175-берене. Келишимден баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 175-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-175

---

1. Сүйрөө объекти сүйрөө операциясына келишим менен шартталган мөөнөттө даяр эмес болгон учурда жөнөтүү портуна келген сүйрөгүчтүн ээси келишимден баш тартууга жана тарткан чыгашаларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сүйрөгүч жөнөтүү портуна сүйрөөгө даяр болбогон, деңизде сүзүүгө жараксыз абалда келсе, сүйрөлүүгө тийиш болгон кеменин (башка сүзүүчү курулманын) ээси келишимден баш тартууга жана тарткан бардык чыгашаларды сүйрөгүчтүн ээсине жүктөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-176)
