# 174-берене. Порттор аралык жана деңизде сүйрөөнү башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 174-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-174

---

1. Порттор аралык жана деңизде сүйрөөнү башкаруу сүйрөгүчтүн капитанына жүктөлөт, бирок ал деңизде жана порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, сүйрөлүүчү кемеде (башка сүзүүчү курулмада) кызмат өтөөнүн ички уюштурулушу боюнча буйрук берүүгө укугу жок.

2. Сүйрөө операциясында бир нече сүйрөгүчтөр колдонулганда, операцияга катышкан кемелердин капитандарынын ортосундагы укуктук мамилелер порттор аралык сүйрөө жөнүндө келишим менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [173-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-173)  
Кийинки берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-175)
