# 168-берене. Порттук сүйрөө жөнүндө келишим түшүнүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 168-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-168

---

1. Порттук сүйрөө жөнүндө келишимге ылайык сүйрөгүчтүн ээси сый акы үчүн кемени (башка сүзүүчү түзүлүштү) портко киргизүүнү же порттон чыгарууну жүзөгө ашырат, порттун акваториясында алардын зарыл маневрларды, швартовкалоону жана башка операцияларды аткаруусун камсыз кылат.

2. Порттук сүйрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделет. Сүйрөөгө өтүнмөнү тараптардын өз эркин билдирүүсүн жазууну камсыз кылган электрондук же башка байланыш каражаттары менен тастыктоо жолу менен келишимди түзүүгө жол берилет.

3. Кемелери Кеме реестринде катталган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган бардык кеме ээлери сүйрөө жөнүндө келишимдерди түзүүгө жана порт администрациясынын портко кирүү, токтоп туруу жана чыгуу коопсуздугун камсыз кылуучу башка талаптарын аткарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-169)
