# 162-берене. Кемени лизинг берүүчүгө кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 162-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-162

---

1. Кемени лизинг берүүчүгө кайтарып берүүдө ал кеме пайдаланылган мезгил үчүн төлөнүүгө тийиш болгон лизинг акысынын бөлүгүн алууга укуктуу. Кеменин келишим менен шартталган наркын төлөөнүн эсебине төгүлгөн төгүмдөр лизинг алуучуга кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Лизинг алуучу лизинг берүүчүгө кемени кадимки эскирүүсүн эске алуу менен, ал аны алган абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Кеменин техникалык абалы начарлаган учурда лизинг алуучу лизинг берүүчүгө бул менен келтирилген чыгымдардын ордун толтурат.

3. Кемедеги лизинг алуучу тарабынан жасалган жакшыртуулар, эгерде алар ажыратылса, эгерде лизинг берүүчү алардын наркынын ордун толтурууга макул болбосо, аларды ал алып коюшу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-163)
