# 157-берене. Келишимдин реквизиттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 157-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-157

---

Кеме лизинги келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) тараптардын аталыштары;

2) келишимдин максаты;

3) кеменин аталышы;

4) кеменин курулган жылы, классы, жүк көтөрүмдүүлүгү жана жүк сыйымдуулугу, кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу, ылдамдыгы, күйүүчү майдын чыгымы;

5) кемеге менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсүнүн шарттары (анын ичинде мөөнөттөрү жана сатып алуу наркы);

6) лизинг акысынын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү;

7) кемени лизинг алуучуга өткөрүп берүү жери жана убактысы;

8) башка маалыматтар.

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-158)
