# 154-берене. Деңизде куткаруу үчүн сый акы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 154-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-154

---

1. Тайм-чартер шарттарында фрахтталган кемеге келишимдин колдонуу мезгилинде деңизде куткаруу үчүн төлөнүүчү сый акы куткаруу учурунда сарпталган чыгашалардын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон суммаларды жана кеме экипажына төлөнүүгө тийиш болгон үлүштү алып салып, кеме ээси менен фрахттоочунун ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

2. Бербоут-чартер шарттарында фрахтталган кемеге келишимдин колдонулуу мезгилинде деңизде куткаруу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сый акы кеме экипажына төлөнүүгө тийиш болгон үлүштү алып салуу менен фрахттоочуга таандык болот.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-155)
