# 152-берене. Фрахтты төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 152-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-152

---

1. Фрахттоочу кеме ээсине фрахтты кемени убактылуу фрахттоо жөнүндө келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө төлөйт.

2. Кеме фрахттоочунун күнөөсү боюнча мындай абалга келген учурларды кошпогондо, фрахттоочу кеме деңизде сүзүүгө жараксыз абалынын натыйжасында эксплуатациялоого жараксыз болгон убакыт үчүн фрахтты төлөөдөн жана кемени күтүү боюнча чыгашаларды төлөөдөн бошотулат.

3. Фрахтты төлөө 14 календардык күндөн ашык кечиктирилгенде кеме ээси кемени фрахттоочуга эскертүүсүз алып коюуга жана мындай кечиктирүүгө байланыштуу тарткан чыгымдарды андан өндүрүп алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-153)
