# 134-берене. Ташуучуну жоопкерчиликтен бошотуу же анын жоопкерчилигин чектөө жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 134-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-134

---

1. Эгерде жүктү ташуу коносаменттин негизинде жүзөгө ашырылса, ушул Кодекстин 130-беренесинин 4-бөлүгүндө каралгандан айырмаланган шарттарда ташуучуну жоопкерчиликтен бошотуу же аны чектөө жөнүндө кандай болбосун макулдашуу жараксыз деп табылат.

2. Ушул берененин 1-пунктунун колдонулушу төмөнкүлөр жөнүндө түзүлгөн макулдашууларга карата жайылтылбайт:

1) ташуучунун жүк кабыл алынган учурдан тартып кемеге жүктөлгөнгө чейин жана жүк түшүрүлгөндөн кийин аны тапшырганга чейинки жоопкерчилиги жөнүндө;

2) жүктөрдү жана тирүү жаныбарларды палубада ташуу тууралуу;

3) жүктүн түрү, теги жана абалы же болбосо ташуу аткарылууга тийиш болгон жагдайлар, мөөнөттөр жана шарттар жүктөрдү өзгөчө шарттарда ташуу атайын макулдашууну түзүүнү актаса, эгерде мында коносамент берилбесе жана ташуу шарттары товардык тескөөчү болуп саналбаган жана ага көрсөтмө камтылган документке киргизилсе, жүктөрдү өзгөчө шарттарда ташуу жөнүндө.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-135)
