# 13-берене. Мүлктүк талаш-тартыштарды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 13-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-13

---

1. Соода үчүн деңизде сүзүү менен байланышкан келишимдерди жана башка жарандык-укуктук мамилелерди ишке ашырууда келип чыгуучу мүлктүк талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунда же "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бейтарап соттордо (арбитражда) каралат.

2. Кемелерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында пайдаланган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар катышуучулары болуп саналган, соода үчүн деңизде сүзүүгө тиешелүү болгон мүлктүк талаш-тартыштар тараптардын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен чет өлкөлүк соттордун кароосуна берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-14)
