# 128-берене. Жүк жоголгон учурда фрахтты төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 128-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-128

---

1. Ташууда жүк жоголгон учурда фрахт алынбайт, ал эми алдын ала төлөнгөн фрахт кайтарылып берилет.

2. Эгерде жүк жоголуп, бирок кийин табылса, ташуучу жүк ташуучу кеме жүк менен басып өткөн аралыкка пропорционалдуу өлчөмдө фрахтты алууга укуктуу. Мындай учурларда фрахтты эсептөөдө төмөнкүлөр эске алынат:

1) кеме жүк менен басып өткөн жолдун бөлүгүнүн жана келишимде шартталган жолдун узундугунун катышы;

2) басып өткөн аралыкка байланыштуу чыгашалардын, убакыт жана эмгек сарптоолордун, ошондой эле коркунучтардын жана адатта жолдун калган бөлүгүндө боло турган чыгашалардын, сарптоолордун жана коркунучтардын катышы.

3. Жүк табигый касиеттеринен же жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга көз каранды болгон жагдайлардан улам жок болгондо же бузулганда фрахт толугу менен алынат.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-129)
