# 124-берене. Талап кылынбаган жана сактоого тапшырылган жүктү сатуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 124-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-124

---

1. Ушул Кодекстин 123-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүктү сатуудан түшкөн сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы алып салгандан кийин жөнөтүүчүгө же фрахттоочуга берүү үчүн ташуучунун эсебине чегерилет. Эгерде жүктү сатуудан алынган сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү жана жүктү сактоо жана сатуу боюнча чыгашаларды жабуу үчүн жетишсиз болуп калса, ташуучу жетпеген сумманы жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан өндүрүп алууга укуктуу.

2. Эгерде жүк сатылган күндөн тартып алты айдын ичинде бир дагы юридикалык же жеке жак сатуудан түшкөн тиешелүү суммага өз укуктарын билдирбесе, бул сумма ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдү алып салгандан кийин таандык болгон мамлекеттин портунун администрациясынын тескөөсүнө өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-125)
