# 123-берене. Талап кылынбаган жүктү сактоого берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 123-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-123

---

1. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилбесе жана бара турган портто алуучу жүктү талап кылбаса, аны тескебесе же андан баш тартса, ташуучу бул жөнүндө жөнөтүүчүгө билдирүү менен жүктү кампага же жүктүн сакталышын камсыз кылуучу башка ишенимдүү жерге сактоого тапшырууга укуктуу.

2. Жүктү ташуу үчүн кемени бүтүндөй берүүдө кеме капитаны жүктү түшүрүүнү жана сактоого берүүнү, эгерде бул убакыттын ичинде жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактан башка буйрук түшпөсө, сталия жана контрсталия убактысы аяктагандан кийин гана жүргүзөт. Жүктү сактоого тапшырууга кеткен убакыт кеменин токтоп туруусу катары каралат.

3. Эгерде кеме портко келген күндөн тартып эки айдын ичинде сактоого тапшырылган жүк талап кылынбаса жана жөнөтүүчү же фрахттоочу, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жак ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы төлөбөсө, ташуучу жүктү сатууга укуктуу. Талап кылынбаган тез бузулуучу жүк белгиленген мөөнөткө чейин да сатылышы мүмкүн.

4. Портто жүктөрдү алуучулар кабыл алганга чейин аларды сактоонун мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле алуучулар талап кылбаган жүктөрдү сатуунун тартиби порт таандык болгон мамлекеттин эрежелери жана мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-124)
