# 122-берене. Жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу же бузулгандыгы жөнүндө билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 122-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-122

---

1. Эгерде коносамент боюнча ташылган жүктү кабыл алууда алуучу ташуучуга жүктүн жоголгондугу, кем чыгуусу же бузулгандыгы аныкталгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, эгерде башкасы далилденбесе, жүк коносаменттин шарттарына ылайык алынды деп эсептелет.

2. Эгерде жүк аны кабыл алууда алуучу тарабынан ташуучу менен бирге каралса же текшерилсе, алуучу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн билдирүүнү жасабашы мүмкүн.

3. Эгерде жүктүн жоголгондугун, кем чыгуусун же бузулгандыгын кабыл алуунун кадимки ыкмасында табуу мүмкүн болбосо, алуучу тарабынан жүк кабыл алынгандан кийин үч календардык күндүн ичинде ташуучуга тиешелүү арыз берилиши мүмкүн.

4. Жүктү кабыл алууга карата ушул беренеге карама-каршы келген макулдашуу жараксыз деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-123)
