# 118-берене. Жүктү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 118-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-118

---

1. Жүк бара турган портто берилет:

1) энчилүү коносамент боюнча - коносаментте көрсөтүлгөн алуучуга же карыз талабын өткөрүп берүү үчүн белгиленген эрежелерди сактоо менен коносамент энчилүү өткөрүп берүү жазуусу боюнча же болбосо башка таризде өткөрүлүп берилген башка жакка;

2) ордердик коносамент боюнча - коносамент кимисинин буйругу боюнча (жөнөтүүчүнүн же алуучунун буйругу боюнча) түзүлгөндүгүнө жараша жөнөтүүчүгө же алуучуга, ал эми коносаментте өткөрүп берүү жазуулары бар болсо - өткөрүп берүү жазууларынын үзгүлтүксүз катарынын акыркысында көрсөтүлгөн жакка же акыркы бланктык жазуусу бар коносаментти көрсөткөн жакка;

3) коносамент боюнча көрсөтүүчүгө - коносаментти көрсөтүүчүгө.

2. Эгерде деңиз коштомо кагазы же башка ушул сыяктуу документ берилген болсо, ташуучу жүктү бул документте көрсөтүлгөн алуучуга гана, же болбосо жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучуга документтин түп нускасын милдеттүү түрдө көрсөтүүсүз бере алат.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-119)
