# 114-берене. Келишимдин колдонулушун тараптардын баш тартуусу жок токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 114-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-114

---

1. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу, эгерде кеме жүктөө жеринен чыгып кеткенге чейин тараптарга көз каранды болбогон төмөнкүдөй кырдаалдар пайда болсо, тараптардын баш тартуусу жок жана алардын бирин экинчи тарапка келишимдин аракетинин токтотулушу менен шартталган башка чыгымдардын ордун толтурууга милдеттендирбестен токтотулушу мүмкүн:

1) кеме кыйраса же басып алынса;

2) кеме сүзүүгө жараксыз деп табылса;

3) белгилүү бир жүк кыйроого учураса;

4) алып кирүүгө/алып чыгууга бийликтин тыюу салуусу киргизилсе же согуш аракеттери башталса;

5) тектик белгилери менен аныкталуучу жүк ал жүктөө үчүн тапшыргандан кийин кыйроого учураса, ал эми жөнөтүүчү кыйраган жүктүн ордуна башка жүктү тапшырууга үлгүрбөй калса.

2. Жүктү деңиз аркылуу ташуу жөнүндө келишимдин колдонулушу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча жана рейс учурунда да токтотулушу мүмкүн. Мындай учурда ташуучуга куткарылган жана тапшырылган жүктүн санын эске алуу менен ташуунун иш жүзүндөгү аралыгына пропорционалдуу өлчөмдө фрахт төлөнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-115)
