# 108-берене. Контрсталия убактысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 108-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-108

---

1. Сталия убактысы аяктагандан кийин тараптар күтүү үчүн кошумча убакытты - контрсталия убактысын жана контрсталия убактысында кеменин токтоп турганы үчүн ташуучуга төлөнүүчү акынын өлчөмүн (демередж) белгилеши мүмкүн.

2. Контрсталия убактысы сталия убактысы аяктагандан баштап календардык күндөр, сааттар жана мүнөттөр менен эсептелет. Контрсталия убактысына жекшемби күндөрү жана расмий белгиленген майрам күндөрү, портто жумуш эмес деп жарыяланган убакыт, ошондой эле болжолдоого жана алдын алууга мүмкүн болбогон, жүктүн сакталышына коркунуч жараткан же коопсуз жүктөөгө тоскоол болгон өзгөчө кырдаалдардан же гидрометеорологиялык шарттардан улам келип чыккан жүктөөдөгү тыныгууларга кеткен убакыт киргизилет. Ташуучуга көз каранды себептер боюнча жүктөө жүргүзүлбөгөн убакыт контрсталия убактысына кошулбайт.

3. Тараптардын макулдашуусу жок болгон учурда контрсталия убактысынын узактыгы жана демередждин өлчөмү тиешелүү портто белгиленген мөөнөттөргө жана ставкаларга ылайык аныкталат. Эгерде мындай ставкалар белгиленбесе, демередждин өлчөмү кемени жана экипажды күтүү боюнча чыгашалардын негизинде аныкталат.

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-109)
