# 106-берене. Кеме жүктөөгө даяр экендиги жөнүндө билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 106-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-106

---

1. Эгерде жүк чартердин негизинде ташылса, ташуучу кемени келишимде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда фрахттоочу келишимден баш тартууга жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Жүктү чартер боюнча ташууда ташуучу фрахттоочуга же жөнөтүүчүгө, эгерде ал фрахттоочу тарабынан келишимде көрсөтүлсө, кеме жүктөөгө даяр экендиги же белгилүү бир убакытта даяр боло тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү кеме жүктөө портунда же ошол порт үчүн кадимки күтүү жеринде болгондо гана берилиши мүмкүн.

3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган билдирүү берилүүчү күндү жана саатты тараптар макулдашуу боюнча, ал эми мындай макулдашуу жок болгон учурда - жүктөө портунда кабыл алынган тартипте аныкташат.

4. Эгерде кеме ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытка чейин жүктү кабыл алууга даяр эмес болсо, мындай билдирүү берилген жок деп эсептелет жана ташуучу фрахттоочуга ушуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-107)
