# 102-берене. Кеменин деңизге сүзүүгө жарактуулугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 102-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-102

---

1. Ташуучу рейс башталганга чейин кемени деңизде сүзүүгө жарактуу абалга келтирүүгө - анын сүзүүгө техникалык жактан жарактуулугун камсыз кылууга, зарыл болгон бардык нерселер менен тийиштүү түрдө жабдууга, экипажды комплекттөөгө, трюмдарды жана жүк ташылуучу башка жайларды жүктү талаптагыдай кабыл алууну, ташууну жана сакталышын камсыз кылуучу абалга келтирүүгө милдеттүү.

2. Ташуучу, эгерде ал талаптагыдай кам көргөн учурда табылышы мүмкүн болбогон жашыруун кемчиликтер менен шартталгандыгын далилдесе, кеменин деңизде сүзүүгө жараксыз абалы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3. Тараптардын ушул берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келген жүктү ташуу жөнүндө макулдашуусу жараксыз.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-103)
