# 100-берене. Жүктү таралоо, таңгактоо жана маркалоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 100-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-100

---

1. Ташуу жана кайра жүктөө учурунда алардын толук сакталышын камсыз кылуу үчүн таралоону жана таңгактоону талап кылган жүктөр ташуу үчүн стандарттарга же техникалык шарттарга жооп берген бүтүн идиштерде жана таңгактарда берилиши керек. Аталган талаптар жөнөтүүчү тарабынан берилүүчү контейнерлерге да тиешелүү.

2. Жөнөтүүчү жүктү тийиштүү түрдө маркалоого жана ташуучуга ал жөнүндө зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Эгерде жүк өзгөчө мамилени талап кылса, жөнөтүүчү ташуучуну жүктүн касиеттери жана аны менен иштөө тартиби жөнүндө маалымдоого тийиш.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-101)
