# 1-берене. Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 4-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-49/edition/56987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049561/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө, 1-берене (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-1

---

1. Ушул Кодекс соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын деңизге чыга албаган мамлекет катары эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык ачык деңизге жетүү жана деңизде эркин сүзүү укугун ишке ашырууга багытталган.

2. Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекси экономиканын деңиз аркылуу ташууларга жана алар менен байланышкан жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын камсыз кылуу максатында соода үчүн деңизде сүзүүнүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

3. Соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелер ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) ченемдик укуктук актылары жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик актылары менен алардын компетенциясынын чегинде жөнгө салынат.

4. Соода үчүн деңизде сүзүү чөйрөсүндө келип чыккан жана катышуучулардын теңдиги, алардын эркинин автономиясы жана мүлктүк өз алдынчалыгы принциптерине негизденген мүлктүк мамилелер ушул Кодекс менен жөнгө салынат. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган же толук жөнгө салынбаган мүлктүк мамилелер бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049561/st-2)
