# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527 "Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527 "Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 527
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57018/edition/56978/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527 "Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому (07.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049556

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 7-августу № 527

Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу, биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери 1-тиркемеге ылайык;

2) Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген штаттык санынын чегинде республикалык бюджетте тиешелүү жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.А. Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | 2-тиркеме |

Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана координациялоону, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмдөрү.

3. Ветеринардык жана агрардык лабораториялар.

4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу ветеринардык кызматтын органдары.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

7. Илимий жана адистештирилген уюмдар, анын ичинде илимий-изилдөө институттары.
