# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 539
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56980/edition/56939/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049517

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 10-августу № 539 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин атайын форма кийимин кийүү маселелерин укуктук жөнгө салуу максатында, «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмегинде:

– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:

«8) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сот приставдарынын кызматы.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
