# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 5-августундагы № 74 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 5-августундагы № 74 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-4167/edition/56922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 5-августундагы № 74 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө" токтому (05.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049499

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2026-жылдын 5-августу № 74 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025- жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-бөлүмүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагынын Падек айылындагы № 2277 шайлоо участогунун жайгашкан жери Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 10, Т. Жоробаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 12, Ж. Тойчубеков атындагы маданият үйүнүн имараты дарегине өзгөртүлсүн.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Т. Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында № 2277 шайлоо участогунун дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды

4..Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

| Төрага | Т. Шайназаров |
