# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августу № 531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августу № 531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 531
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56970/edition/56919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-августу № 531 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (08.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049493

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Министрлер кабинетинин токтому

2026-жылдын 8-августу № 531

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин төмөнкүлөрдү кошпогондо, мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификацияланган) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан автомобиль жана темир жол транспорту менен ташып чыгарууга убактылуу тыюу салуу белгиленсин:

1) «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн жана 2026-жылдын 13-июлуна чейин түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гана экспортко чыгарылуучу жалпы көлөмү 4 212,486 тонна мазутту (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ташып чыгарылган жана кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагына милдеттүү түрдө кийин кайра ташып келүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган нафтаны, мазутту жана меште жагылуучу отунду (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификацияланган);

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тапшырмасы болгон учурда бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган мунайды жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709, 2710 коду менен классификацияланган).».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
