# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026 - жылдын 10-августунун №537 "Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026 - жылдын 10-августунун №537 "Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 537
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56967/edition/56913/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026 - жылдын 10-августунун №537 "Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (10.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049487

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-августу №537

Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин бекитүү тууралуу

Мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу жана коррупциялык укук бузууларды аныктоонун жана алдын алуунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
