# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 528 «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын отканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 528 «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын отканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 528
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56966/edition/56911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 528 «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын отканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (07.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049485

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Министрлер кабинетинин токтому

2026-жылдын 7-августу № 528

«Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясынын отканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо маселелерин натыйжалуу жана оперативдүү чечүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмүнүн башкы дирекциясы менен биргеликте Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 303 дарегинде жайгашкан Улуттук көргөзмө борборунун отканасын аянты 0,39 гектар болгон жер тилкеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук көргөзмө борборунун отканасын аянты 0,39 гектар болгон жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кабыл алуу;

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, муниципалдык менчикке өткөрүп берилип жаткан объекттин сакталышын камсыз кылуу жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бишкек» эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө жободо:

– 6-пункттун биринчи абзацындагы «346,6208» деген цифралар «346,2308» деген цифраларга алмаштырылсын;

– 6-пункттун экинчи абзацындагы «43» деген цифралар «42,61» деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
