# Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56936/edition/56871/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө" токтому (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049447

---

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVIII сессиясы

2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19

Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтому жөнүндө Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жѳнүндѳ“ токтомуна ылайык, токойлорду туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо максатында Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXVIII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтү жана “Кыргыз токой жайгаштыруу” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлгѳн токой жайгаштыруу боюнча мамлекеттик токой жана ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан, Тогуз-Торо айыл аймагындагы токойлорду инвентаризациялоо жыйынтыктары 1 жана 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

| Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | | Р.Ѳ.Ажыбаев |
