# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 554 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-июнундагы № 368 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 554 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-июнундагы № 368 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 554
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19971/edition/56849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049427.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 554 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-июнундагы № 368 тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049427

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 3-августу № 554

«Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобонун 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 19-июнундагы № 368 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
| --- | --- |
|  | Тиркеме |
|  | «Тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы

| Ибраимов Азат Эмильбекович | \- | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; |
| --- | --- | --- |
| Калдыбаев Эрнст Кыдыкбаевич | \- | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
| Туманов Медербек Кубанычбекович | \- | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
| Тажибаев Талантбек | \- | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча); |
| Эсеналиев Аманбай Жарматович | \- | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын консультанты (макулдашуу боюнча); |
| Медербек уулу Адилет | \- | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн улук консультанты (макулдашуу боюнча); |
| Байкулова Ирина Султановна | \- | «Интернет саясатынын элдик демилгеси» мекемесинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
| Ниязов Эрмек Тургунбекович | \- | «NSP» (Эн Эс Пи) жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
| Муканбетова Ширин Муканбетовна | \- | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
| ». |  |  |
