# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августу № 523 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августу № 523 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 523
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049386>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56896/edition/56808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049386.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-августу № 523 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (04.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049386

---

КЫРГЫЗ РЕСПУбЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 4-августу № 523

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 16-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

«11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары жүктөлсүн.».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 668 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жободо:

– 11-пункттун 33-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултууну жана верификациялоону жүргүзүү;».

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик үч айлык мөөнөттө Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоону жүзөгө ашыруу тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-августундагы № 59 (3819) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
