# Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 5-октябрындагы № 21 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 5-октябрындагы № 21 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56893/edition/56806/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 5-октябрындагы № 21 "Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө" токтому (05.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049384

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) VI сессиясы

2021-жылдын 5-октябрындагы № 21

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 43 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» 2021-жылдын 16-сентябрындагы №699 токтомунун жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 2-главасынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 05.10.2021ж №9 протоколу бекитилсин (протокол тиркелет)

2. Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри кызмат ордуна Абдыназаров Нурбек Рахманбердиевич шайланды деп эсептелсин

| Төрага: | | К.Мадаминов |
