Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жактырылды) доолбоору
| Долбоор | |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-августундагы № 278 тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим
Мындан ары «Келишим түзүүчү Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы көп кылымдык ынак коңшулук жана достук салттарына жана дипломатиялык мамилелер түзүлгөн учурдан бери эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүшүнө негизделип, 2002-жылдын 24-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда бир тууган коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин кыргыз-кытай мамилелериндеги маанилүү ролун таануу менен, ынак коңшулукту, достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө эки өлкөнүн жана алардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине, региондо жана бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтык менен туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүнө ынануу менен, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин ырастоо менен, ар кандай тармактардагы кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга умтулуу менен, ынак коңшулуктун, достуктун жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнүн негизинде орток тагдырдагы коомдоштукту түзүүгө умтулууну биргелешип ырастоо менен бардыгын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин жаңы доорго ырааттуу тереңдетүү менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Келишим түзүүчү Тараптар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык түбөлүк ынак коңшулукка, достукка жана кызматташтыкка, анын ичинде эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү өз ара урматтоо, өз ара кол салбоочулук, ички иштерге кийлигишпөөчүлүк, тең укуктуулук жана өз ара пайда, тынчтыкта бирге жашоо принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүктү узак мөөнөттүү жана туруктуу негизде ар тараптуу өнүктүрөт.
2-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара ишенимди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу бекемдейт, бири биринин улуттук реалдуулуктарга ылайык келген өнүгүү жолдорун жана моделдерин тандоосун сыйлайт, түпкү кызыкчылыктарын билдирген маселелер боюнча бири биринин позициясын колдойт, экономикалык өнүгүү стратегияларын ишке ашырууда бири бирин колдойт. Кыргыз Республикасы «бир Кытай» принцибине берилгендигин ырастайт, дүйнөдө бир гана Кытай бар экендигин, Тайвань Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын, Кытай Эл Республикасынын өкмөтү бүткүл Кытайды билдирген жалгыз мыйзамдуу өкмөт экендигин тааныйт. Кыргыз Республикасы «Тайвандын көз карандысыздыгынын» кандай болбосун формасына каршы чыгат, Тайван менен кандай түрдө болбосун расмий байланышпай тургандыгын дагы бир жолу ырастайт, Кытайдын өлкөнү бириктирүүгө жетишүү боюнча күч-аракеттерин колдойт, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2758 резолюциясынын кадыр-баркы шек жаратпай тургандыгын жана чакырыкка дуушар болбоого тийиш экендигин баса белгилейт. Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого, социалдык-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө, реформаны илгерилетүүгө жана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылууга багытталган күч-аракетин колдойт.
3-берене
Келишим түзүүчү Тараптар эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган чек ара жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын жоболорун так сактайт, бири биринин позициясын эске алат, мамлекеттик чек араны түбөлүк тынчтыктын, достуктун жана ынак коңшулуктун чек арасына айландырууга умтулат.
4-берене
Келишим түзүүчү Тараптар кандайдыр бир бирликтерге же блокторго катышпайт, башка Келишим түзүүчү Тараптын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүүчү кандайдыр бир аракеттерди, анын ичинде үчүнчү мамлекеттер менен келишимдерди түзүүгө аракет кылбайт, башка Келишим түзүүчү Тарапка каршы багытталган достук ниетинде болбогон аракеттерди колдобойт. Келишим түзүүчү Тараптардын эч бири өзүнүн аймагын үчүнчү мамлекеттер тарабынан башка Келишим түзүүчү Тараптын кызыкчылыктарына, анын ичинде анын мамлекеттик эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирген аракеттерди жасоо үчүн колдонулушуна жол бербейт. Келишим түзүүчү Тараптардын эч бири да өзүнүн аймагында башка Келишим түзүүчү Тараптын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүүчү уюмдар менен топтордун түзүлүшүнө жана алардын ишине жол бербейт.
5-берене
Келишим түзүүчү Тараптар эки мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашырууну илгерилетүү жана эки тараптуу мамилелер маселелери боюнча, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана региондук маселелер боюнча өз убагында пикир алмашуу жана позицияларды координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын стратегиялык диалог механизминин потенциалын ачат, ар кандай деңгээлдеги жолугушуулардын механизмдерин, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги байланыштарды колдонот. Келишим түзүүчү Тараптар байланыштарды жана мыйзам чыгаруу органдары аркылуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө, Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын элдеринин ортосундагы достуктун коомдук-социалдык негиздерин бекемдөөгө көмөктөшөт.
6-берене
Келишим түзүүчү Тараптар биргелешкен консультациялар, биргелешкен куруу жана биргелешкен пайдалануу принциптерине ылайык «бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында жогорку сапаттагы кызматташтыкка өбөлгө түзөт. Келишим түзүүчү Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы, илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссия сыяктуу кызматташтыктын мындай иштеп жаткан механизмдеринин алкагында экономика, соода, инвестиция, энергетика, өз ара байланыштуулук, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, экология, илим жана техника, санарип экономика, жашыл өнүктүрүү, транспорт, логистика сыяктуу тармактарда, ошондой эле башка кызыкдар болгон чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнү улантат. Келишим түзүүчү Тараптар жогорку деңгээлде эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга умтулууну жетекчиликке алуу менен Келишим түзүүчү Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык биргелешип кызматташтык долбоорлорун тынымсыз илгерилетүүнү камсыз кылуу боюнча талаптагыдай чараларды көрөт. Келишим түзүүчү Тараптар бири-бирин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт жана зарыл болгон учурда, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук чөйрөсүндө жардам көрсөтөт.
7-берене
Келишим түзүүчү Тараптар маданий-гуманитардык алмашууларды активдештирүү эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөө үчүн олуттуу мааниге ээ деп эсептейт. Келишим түзүүчү Тараптар мамлекеттик башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнү бекемдейт, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөө институттары чөйрөлөрүндө жана өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрөт. Келишим түзүүчү Тараптар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат жана масштабдуу кырсыктарды жоюуда өз ара жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет. Келишим түзүүчү Тараптар региондор аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү колдойт, эки өлкөнүн региондорунун деңгээлинде кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана туугандык байланыштарды түзүүнү кубаттайт.
8-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алардын бардык формаларында жана көрүнүштөрүндө, анын ичинде «Чыгыш Түркстандын» террордук күчтөрүндө биргелешип каршы күрөшүү, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, баңгизаттардын жана куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, ошондой эле трансулуттук кылмыштуу иш-аракеттин башка түрлөрүнө каршы аракеттенүү үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардын алкагында кызматташтыкты активдештирет.
9-берене
Келишим түзүүчү Тараптар коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндө өз ара ишенимди мындан ары да бекемдейт, үчүнчү жактарга каршы багытталбаган аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрөт, ар кандай деңгээлдеги аскердик байланыштарды активдештирет, аскердик кадрларды даярдоодо өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтет, Келишим түзүүчү Тараптардын жалпы кызыкчылыктарын коргойт жана региондогу коопсуздукту камсыз кылат.
10-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын адистештирилген мекемелеринин, Шанхай кызматташтык уюмунун, «Борбордук Азия – Кытай» форматынын жана эки Тарап катышкан башка региондук жана көп тараптуу уюмдардын жана түзүмдөрдүн алкагында байланыштарды жана координацияны бекемдейт, глобалдык жана региондук тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуу өнүгүүгө, ошондой эле глобалдык башкаруунун адилеттүү жана рационалдуу системасын түзүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрөт. Келишим түзүүчү Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү максаттарына жана бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максаттарына жетүү үчүн бул көрүнүштөр жана демилгелер маанилүү деп эсептеп, адамзаттын орток тагдырдагы коомдоштугу концепциясын, глобалдык өнүгүү боюнча демилгени, глобалдык коопсуздук боюнча демилгени, цивилизациянын глобалдык демилгесин жана глобалдык башкаруу боюнча демилгени биргелешип жана жигердүү ишке ашырат. Келишим түзүүчү Тараптар бир тараптуу аракеттерге жана протекционизмге биргелешип каршы чыгып, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эгидасы астында эрежелерге негизделген көп тараптуу соода системасын колдойт жана бекемдейт. Келишим түзүүчү Тараптар ДСУнун ишинде өнүгүүгө олуттуу маани берүүнүн зарылдыгын жактайт, ДСУну реформалоого жана анын глобалдык экономикалык башкаруудагы ролун жогорулатууга биргелешип көмөктөшөт.
11-берене
Ушул Келишим эч кандай үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес жана Келишим түзүүчү Тараптардын алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
12-берене
Ушул Келишимди чечмелөөдө жана аткарууда келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Келишим түзүүчү Тараптардын ортосундагы достук сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
13-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Келишимдин 14-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
14-берене
Ушул Келишим анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө Келишим түзүүчү Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Келишим түзүүчү ар бир Тарап ушул Келишимди колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Келишим түзүүчү Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдире алат. Ушул Келишимдин колдонулушу экинчи Келишим түзүүчү Тараптан мындай жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган датадан тартып 12 (он эки) ай өткөндөн кийин токтотулат. Ушул Келишим күчүнө кирген датадан тартып 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда бир тууган коңшулаштык, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин колдонулушу токтотулат.
2026-жылдын «___» августунда _______ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү. Келишимдин эки нускасы тең анык жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
| Кыргыз Республикасы үчүн | Кытай Эл Республикасы үчүн |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-августундагы № 278 (Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана…Распоряжение · 03.08.2026 · № 278
- Договор о добрососедстве, дружбе и сотрудничестве между Кыргызской Республикой и Китайской Народной Республикой от 24 июня 2002 года в г. ПекинДоговор · 24.06.2002