# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049363>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56877/edition/56778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049363.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-майындагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (29.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049363

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 29-майы № 377

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-февралындагы № 79 тескемесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 "Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеңештеринин типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2, 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтомду ишке ашыруу республикалык маанидеги шаарлардын тиешелүү жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | 1-тиркеме |
|  |  | "2-тиркеме |

Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги

| № | Шаардын мэриясынын аталышы | Муниципалдык кызматчылардын штаттык бирдиктеринин саны | Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын штаттык бирдиктеринин саны |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Бишкек шаарынын мэриясы | 1405 | 276 |
| 2 | Ош шаарынын мэриясы | 241 | 86 |

".

|  |  | 2-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | "2-1-тиркеме |

Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык санынын чеги

| № | Кызмат ордунун аталышы | Ош шаары | Бишкек шаары |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | Төрага | 1 | 1 |
| 2 | Төраганын орун басары | 2 | 2 |
| 3 | Аппарат жетекчиси | 1 | 1 |
| 4 | Бөлүмдүн башчысы | 1 | 4 |
| 5 | Башкы адис | 3 | 8 |
| 6 | Жетектөөчү адис | 4 | 7 |
| 7 | Адис | 2 | 5 |
|  | Бардыгы | 14 | 28 |
|  | Техникалык жана кенже тейлөөчү персонал | 4 | 6 |
|  | Жалпы | 18 | 34 |

".
