# 1-берене

- Документ: [Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 130 "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049344/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5813/edition/56745/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049344/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049344/st-1

---

«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7–8, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

«7) маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөр.»;

2) 4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:

«71) маалыматтарды жеке жеткирип берүүчүлөр – менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүнө кирбеген жана расмий статистиканын максаттарында пайдаланылышы мүмкүн болгон санариптик маалыматтардын массивдерине ээ болгон юридикалык жактар;»;

3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

«8) маалыматтарды топтоо процессинин натыйжалуулугу жана респонденттерге административдик маалыматтарды артыкчылыктуу пайдаланууну жана мамлекеттик органдар тарабынан бирдей маалыматты топтоонун кайталанышын болтурбоону караган жүктөмдү минималдаштыруу.»;

4) 4-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4-глава. Улуттук статистика тутумун координациялоо жана расмий статистиканы пландоо

---

Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049344/st-12)
