# Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31/30-5
- Кабыл алынган күнү: 07.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56781/edition/56588/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049234

---

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2026-жылдын июль айынын 7си №31/30-5

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 25-майындагы №01-8/1598 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо Тартибине”, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/17-10 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-“2026-жылдын 1-майдан баштап” деген сөздөр алып салынсын; -“2026-жылдын 1-июлунан баштап” деген сөз менен толукталсын.

Төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:

2-1.“Чолпон-Ата шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына объекттерди кошууга техникалык шарттарды алууга тариф төмөндөгүдөй бекитилсин: -калк үчүн-3617,81 сом; -башка колдонуучулар үчүн- 7167,91 сом”

Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага Э.М.Молдобеков
