# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 478
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56770/edition/56567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-июлу № 478

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пунктта:

- 2-пунктчанын экинчи абзацындагы «25» деген цифралар «50» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун негизги персоналына кирген жана мамлекеттик кызматчылар болуп саналбаган кызматкерлерге 1 ставкага 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин, мында аталган төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акысына кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт.».

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
