# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-56741/edition/56543/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049189

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 15-июну № 422

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочуларды сертификаттоо тартибинде:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Эгерде документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөтүнө карата талапкерлердин жалпы саны он адамдан аз болсо, анда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы экзамендик комиссия менен макулдашуу боюнча квалификациялык экзаменди белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө укуктуу.";

- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлерге уруксат берилет:

1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү экинчи категориядагы баалоочуга:

- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;

- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;

- соттуулугу жок;

2) биринчи категориядагы баалоочуга:

- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;

- баалоо иши боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы;

- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;

- соттуулугу жок;

3) жогорку категориядагы баалоочуга:

- баалоо чөйрөсүндө жогорку билим же экономикалык, юридикалык жана техникалык жогорку билим, же болбосо баалоо боюнча кайра даярдоо шарты менен башка жогорку билим;

- баалоо иши боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы;

- баалоо боюнча кайра даярдоону ырастоочу документ жана баалоо боюнча квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар;

- соттуулугу жок.";

- 21-пунктта:

төртүнчү абзацта "(нотариалдык күбөлөндүрүлгөн)" деген сөздөр алып салынсын; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- баалоо жөнүндө эки отчеттун көчүрмөсү же баалоо иши боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтар (биринчи категориядагы жана жогорку категориядагы баалоочуга талапкерлер үчүн гана);".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
