# 1-берене

- Документ: [Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230049186)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049186/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5811/edition/56539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049186/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049186/st-1

---

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

а) отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш;»;

б) отуз экинчи абзацта «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-берененин 3-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 6-берененин 1-бөлүгүндө «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 232 жана 233-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049186/st-2)
