# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 120 «Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 120 «Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5810/edition/56536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 120 «Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Мыйзамы (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049184

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 22-июлу № 120

Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049184/st-1)

Төмөнкүлөргө кошулсун:

- 1974-жылдын 1-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1974-жылдагы Деңизде адам өмүрүн коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга жана 1974-жылдагы Деңизде адам өмүрүн коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга карата 1988-жылдагы Протоколго;

- 1972-жылдын 20-октябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1972-жылдагы Деңизде кемелердин кагылышуусун алдын алуунун эл аралык эрежелери жөнүндө конвенцияга;

- 1978-жылдын 7-июлунда Лондон шаарында кабыл алынган 1978-жылдагы Деңизчилерди даярдоо жана диплом берүү жана вахта өтөө жөнүндө эл аралык конвенцияга;

- 1973-жылдын 2-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1973-жылдагы Кемелерден булганууну алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияга бардык тиркемелери менен, жана 1973-жылдагы Кемелерден булганууну алдын алуу боюнча эл аралык конвенцияга карата 1978-жылдагы Протоколго;

- 1979-жылдын 27-апрелинде Гамбург шаарында кабыл алынган 1979-жылдагы Деңизде издөө жана куткаруу боюнча эл аралык конвенцияга;

- 1989-жылдын 28-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган 1989-жылдагы Куткаруу жөнүндө эл аралык конвенцияга;

- 1965-жылдын 9-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган 1965-жылдагы Эл аралык деңиз кемечилигин жеңилдетүү боюнча конвенцияга;

- 1966-жылдын 5-апрелинде Лондон шаарында кабыл алынган, ага карата 1988-жылдагы Протокол менен өзгөртүлгөн 1966-жылдагы Жүк маркасы жөнүндө эл аралык конвенцияга;

- 1969-жылдын 23-июнунда Лондон шаарында кабыл алынган 1969-жылдагы Кемелерди өлчөө боюнча эл аралык конвенцияга;

- 2001-жылдын 23-мартында Лондон шаарында кабыл алынган 2001-жылдагы Бункер отунунан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияга;

- 1992-жылдын 27-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1969-жылдагы Мунайдан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияга жана 1969-жылдагы Мунайдан булгануудан зыян үчүн жарандык жоопкерчилик жөнүндө эл аралык конвенцияны өзгөртүү тууралуу 1992-жылдагы Протоколго;

- 2007-жылдын 18-майында Найроби шаарында кабыл алынган 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына;

- 1988-жылдын 10-мартында Рим шаарында кабыл алынган 1988-жылдагы Дециз кемечилигинин коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга;

- 1976-жылдын 19-ноябрында Лондон шаарында кабыл алынган 1976-жылдагы Дециз талаптары боюнча жоопкерчиликти чектөө жөнүндө конвенцияга жана ага карата 1996-жылдагы Протоколго.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049184/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө документтерди тиешелүү депозитарийге белгиленген тартипте депонирлесин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049184/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 25-июнунда |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
