Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жол компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 100
2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Кытайдын экспорттук-импорттук банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жапаров | |
| 2026-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.