# 5-берене. Геопарктын аймактарын коргоо жана пайдалануу режими

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлу № 129 "Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5806/edition/56488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049166/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-5

---

1. Геопарктын чек араларына бардык категориядагы жерлер, анын ичинде калктуу конуштардын аймактары, токой фондунун, суу фондунун жерлери жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын башка түрлөрү киргизилиши мүмкүн.

Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, геопаркты түзүү көрсөтүлгөн жерлердин максаттуу багытын жана укуктук статусун өзгөртүүгө алып келбейт, ошондой эле алардын менчик ээлеринин жана пайдалануучуларынын укуктарын чектебейт.

2. Геопарктын аймагында Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана төмөнкүлөргө багытталган кандай болбосун ишке жол берилет:

1) регионду туруктуу социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө;

2) туристтик, илимий жана билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүүгө;

3) табигый жана маданий мурастарды сактоого.

3. Геопарктын чек араларынын чектеринде өзгөчө корголууга тийиш болгон геологиялык объектилер бөлүнүп берилет. Алардын аймактарында жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч жараткан кандай болбосун иштерге тыюу салынат, анын ичинде:

1) геологиялык чалгындоо иштерине жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө;

2) өнөр жай багытындагы капиталдык объектилерди курууга;

3) геологиялык же гидрологиялык режимдин кайтарылгыс өзгөрүүсүнө алып келүүчү иш-аракеттерге;

4) геологиялык объектилердин бузулуусуна же деградациясына алып келүүчү иштин башка түрлөрүнө.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн геологиялык объектилердин аймагында төмөнкүлөргө уруксат берилет:

1) илимий изилдөөлөрдү жана экологиялык мониторингди жүргүзүүгө;

2) рекреациялык жүктөмдүн ченемдерин сактоо менен жөнгө салынуучу туризмди (чыйыр жолдорду, көрүү аянтчаларын, маалымат стенддерин жайгаштырууну) уюштурууга;

3) билим берүүчү жана агартуучу иш-чараларды өткөрүүгө.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-6)
