# 4-берене. Геопаркты түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлу № 129 "Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5806/edition/56488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049166/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-4

---

1. Геопарк Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими менен түзүлөт, анда геопарк жөнүндө жобо да бекитилет.

2. Геопаркты түзүү жөнүндө сунуш геопарктын аймактарында жайгашкан геологиялык объектилердин уникалдуулугунун тиешелүү илимий негиздемесинин негизинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий уюмдардан же коомдук бирикмелерден келип чыгышы мүмкүн.

3. Геопарктарды түзүүнүн, иштөөсүнүн, чек араларын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартиби, ошондой эле геопарктарды уюштуруунун жана ишинин эрежелерин караган типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.

4. Ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн геопарктар ЮНЕСКОнун эл аралык келишимдеринде жана эрежелеринде белгиленген тартипте ЮНЕСКОнун Глобалдуу геопаркы статусун алууга талапкер боло алышат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-5)
