# 2-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлу № 129 "Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5806/edition/56488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049166/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы геологиялык парктар жөнүндө, 2-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) геологиялык парк (мындан ары – геопарк) – региондун туруктуу өнүгүүсү менен айкалышта геологиялык объектилерди коргоо, анын ичинде туризмди өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле билим берүү долбоорлору үчүн багытталган, уникалдуу геологиялык мураска ээ болгон, чек аралары так аныкталган аймак;

2) геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш;

3) геологиялык мурас – Жердин калыптануу тарыхын жана эволюциясын түшүнүү үчүн негизги мааниге ээ болгон жансыз жаратылыштын уникалдуу объектилеринин жыйындысы.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049166/st-3)
