Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда «жана курултайлар» деген сөздөр алып салынсын;
2) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда «, курултайларда» деген сөз алып салынсын;
3) 21-берененин 1-бөлүгүндө «же курултайларында» деген сөздөр алып салынсын;
4) 42-берененин 4-бөлүгү «анын аталышын» деген сөздөрдөн кийин «жана/же калктуу конуш категориясын» деген сөздөр менен толукталсын;
5) 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
«51) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;
6) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;
7) 56-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен айыл аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилет.»;
8) 59-берененин 4-пунктунда «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын;
9) 61-беренеде «курултайларды,» деген сөз алып салынсын;
10) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 68-берененин 2-бөлүгүндө «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049162/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>