# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлу № 134 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлу № 134 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5804/edition/56482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-июлу № 134 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 28-июлу № 134

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162/st-1)

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 18-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда «жана курултайлар» деген сөздөр алып салынсын;

2) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда «, курултайларда» деген сөз алып салынсын;

3) 21-берененин 1-бөлүгүндө «же курултайларында» деген сөздөр алып салынсын;

4) 42-берененин 4-бөлүгү «анын аталышын» деген сөздөрдөн кийин «жана/же калктуу конуш категориясын» деген сөздөр менен толукталсын;

5) 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

«51) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;

6) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

«31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;»;

7) 56-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен айыл аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүү максатында айыл башчысы кызмат орду киргизилет.»;

8) 59-берененин 4-пунктунда «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын;

9) 61-беренеде «курултайларды,» деген сөз алып салынсын;

10) 62-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 68-берененин 2-бөлүгүндө «курултайларынын,» деген сөз алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 57 (3817) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Н. Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2026-жылдын 24-июнунда |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
