Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин «307 гектар жер тилкесин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу № 61 307 гектар жер тилкесин муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №25 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №633-р тескемеси менен бекитилген 2025–2029-жылдарга багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, айыл чарба багытындагы көп жылдык жүзүм плантацияларын сактоо, калыбына келтирүү жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү максатында, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган жалпы аянты 307 (үч жүз жети) гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин, көп жылдык жүзүм плантацияларын сактоо жана өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн башчысына:
1. ушул токтомдун негизинде мамлекеттик менчикке өткөрүү боюнча бардык зарыл документтерди даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга киргизүү;
2. жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү иштерди жүргүзүү;
3. жер тилкесинин чек араларын жана өткөрүп берүү актыларын мыйзам талаптарына ылайык тариздөө милдеттендирилсин.
3. Жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
2026-жылдын 23-июлунда https://gagsmsu.kg/2026/07/23/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bc%d2%af%d0%b4%d2%af%d0%bd-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0-3/ расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Абдыкерим Сыдыков айылдык Кеңешинин агрардык жер маселелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева .А.Т.жүктөлсүн.
| Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы | Г. А. Рабиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-т (2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасында багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү…Распоряжение · 14.10.2024 · № 633-р
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123