Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимдин (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен жактырылды) долбоору
| Долбоор | |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 270 тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишим
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасы, достук, бир туугандык жана өз ара урматтоо принциптерине негизделген эки өлкөнүн элдеринин көп кылымдык тарыхый, руханий жана маданий жалпылыгын эске алып, 1997-жылдын 23-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди жетекчиликке алып, 2022-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларациянын, 2022-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө меморандумдун жана 2024-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Биргелешкен декларациясынын олуттуу маанисин таануу менен, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарына жана принциптерине, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана ченемдерине берилүүнү ырастоо менен, тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана ишеним принциптерине негизделген эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташуусун кеңейтүүгө бекем берилүүнү билдирип, мамлекеттер аралык кызматташтыктын жетишилген жогорку деңгээлин белгилөө менен, эки тараптуу кызматташтыкты сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана аны союздук мүнөздөгү көп кырдуу мазмун менен толтурууга умтулууну билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар Тараптардын тең укуктуулугунун жана көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн өз ара урматтоонун негизинде союздук мамилелерди түзөт.
2-берене
Тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгын чыңдоо максатында, мамлекет башчылары жетекчилик кылуучу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешин түзүштү, ал 2022-жылдын 20-апрелиндеги анын Жобосуна ылайык мамилелерди өнүктүрүүнүн стратегиясын, негизги багыттарын жана келечегин аныктайт жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган чечимдерди кабыл алат.
3-берене
Тараптар бири-бирине каршы багытталган кандайдыр бир блокторго катышпоого, ошондой эле Тараптардын биринин пикири боюнча эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүнө жана союздук мамилелерине зыян келтирүүчү кандайдыр бир аракеттерге катышуудан карманарын ырастайт. Тараптардын бири да анын аймагынын, ресурстарынын, коммуникация системаларынын жана башка инфраструктурасынын бири-бирине каршы агрессияны, куралдуу же башка кастык аракеттерди даярдоо же жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекеттик эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү үчүн пайдаланылышына жол бербейт.
4-берене
Тараптардын биринин пикири боюнча үчүнчү мамлекеттер тарабынан куралдуу кол салуу коркунучун билдирген кырдаал пайда болгон учурда Тараптар аны тынчтык жолу менен жөнгө салууга өбөлгө түзүүчү чараларды көрүү максатында эки тараптуу жана алар катышуучу болгон эл аралык уюмдардын алкагында бири-бири менен дароо тиешелүү консультацияларды өткөрөт жана эл аралык укуктук милдеттенмелерди жана өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен бири-бирине зарыл болгон жардамды көрсөтүшөт.
5-берене
Тараптар тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенет жана жалпы кызыкчылыкты билдирген эл аралык маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт. Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун, Түрк мамлекеттер уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Ислам кызматташтык уюмунун жана алар мүчө болгон башка эл аралык жана региондук уюмдардын жана форумдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө эки тараптуу умтулуусун баса белгилейт.
6-берене
Коопсуздукту камсыздоо, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында Тараптар эл аралык укуктук милдеттенмелерди жана өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтет. Тараптар өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы, анын ичинде биргелешкен ыкчам жана күжүрмөн машыгуу иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле аскердик тармактагы кадрлардын жана адистердин потенциалын жогорулатуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү тереңдетет.
7-берене
Тараптар эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, Тараптардын парламенттеринин достук топтору аркылуу, анын ичинде алар мүчө болгон эл аралык парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө көмөктөшөт.
8-берене
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жыйындарын өткөрүү аркылуу эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин координациялайт.
9-берене
Тараптар энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорт жана логистика, жогорку технологиялар, анын ичинде спутниктик технологиялар, санариптик өнүктүрүү, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, туризм сыяктуу жана башка чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетет. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү бекемдейт жана көбөйтөт.
10-берене
Тараптар инвестициялык иш-аракет, өз ара инвестицияларды колдоо жана аларды коргоо, ошондой эле ишкердик жана башка чарбалык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, бирикмелердин ар кандай уюштуруучулук-укуктук формаларын жана юридикалык жактар менен экономикалык иштин башка субъекттеринин ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн күч-аракетин жумшайт.
11-берене
Тараптар өз аймактары аркылуу өтүүчү өз ара байланышкан эл аралык транспорттук коридорлорду андан ары өнүктүрүү, ошондой эле транспорттук коридорлордун транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзөт. Тараптар эл аралык мультимодалдык ташуулар жаатында кызматташат, улуттук автомобиль ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, транзиттик жүк ташуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн чараларды көрөт жана Тараптардын мамлекеттеринин рынокторуна, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна товарлардын өз убагында жеткирилишин камсыздоого өбөлгө түзгөн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү иш-чараларды аткарат.
12-берене
Тараптар экологиялык коопсуздукту камсыздоодо өз ара аракеттенет, алар катышуучу болгон эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык аракеттенүү менен экологиялык кырсыктарды алдын алуу жана алардын кесепеттерине каршы күрөшүү жаатында кызматташууну бекемдейт. Тараптар өз аймактарында калктын жана аймактардын турмуш-тиричилигине коркунуч келтирген табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана жоюуда өз ара жардам көрсөтөт.
13-берене
Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык жаңы чакырыктарга жана коопсуздукка коркунучтарга каршы күрөшүүдө, анын ичинде эл аралык терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, акчаны адалдоого, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга, массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышына, курал-жарактын, баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө кызматташууну андан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн күч-аракеттерди координациялайт жана бириктирет.
14-берене
Тараптар өздөрүнүн эл аралык милдеттенмелерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын аймагында бир Тараптын жарандарынын жана юридикалык жактарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын кепилдеген натыйжалуу чараларды көрөт.
15-берене
Тараптардын ар бири өз аймагында экинчи Тараптын юридикалык жана жеке жактарынын менчигинин жана мүлкүнүн укуктарын коргоону кепилдейт.
16-берене
Тараптар эки өлкөнүн элдеринин руханий жана маданий жакындыгын сактоого, маданият, билим берүү, илим, саламаттык сактоо, спорт, адабият, искусство жана маданий мурас чөйрөсүндө өз ара байланыштарды тереңдетүүгө көмөктөшөт. Тараптар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган байланыштардын негизинде жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти сактоо жана бекемдөө үчүн шарттарды камсыздайт. Тараптар интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана сактоо, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана жасалма интеллект чөйрөсүндө, анын ичинде киберкоопсуздук жаатында кызматташууну өнүктүрөт.
17-берене
Тараптар элдердин достугун бекемдөөгө, эки өлкөнүн региондорун жакындаштырууга өбөлгө түзө турган регион аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө кызматташат.
18-берене
Ушул Келишим үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес жана Тараптардын алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасир этпейт.
19-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Келишимдин 21-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
20-берене
Ушул Келишимди ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечет.
21-берене
Ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу анын ратификацияланышы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишим Тараптардын бири экинчи Тараптын анын күчүн жоготуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүн жоготот. Чолпон-Ата шаарында 2026-жылдын «__» ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
| Кыргыз Республикасы үчүн | Азербайжан Республикасы үчүн |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Договор о дружбе и сотрудничестве между Кыргызской Республикой и Азербайджанской РеспубликойДоговор · 23.04.1997
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 270 (Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимди жактыруу…Распоряжение · 30.07.2026 · № 270