Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын ишке ашыруу тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 510 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын ишке ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик башкаруунун долбоордук багытталган ыкмаларын киргизүү аркылуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн системалык жана тармактык көйгөйлөрүн тездетилген тартипте чечүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу тартибинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. «Өкмөттүк акселераторлор» программасы Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жана реформаларды жүргүзүүнүн негизги инструменттеринин бири катары белгиленет. Ал кыска мөөнөттө конкреттүү, өлчөнүүчү жана коомдук мааниге ээ натыйжаларга жетишүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын улуттук өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктарына ылайыкташтырылган Бириккен Араб Эмираттарынын алдынкы эл аралык тажрыйбасына негизделет.
3. Ушул Жобо төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты:
- өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин чечүүгө мамлекеттик органдардын күч-аракеттерин топтоону камсыз кылуу;
- натыйжалуулукка, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө жана жеке жоопкерчиликке негизделген жаңы башкаруу маданиятын калыптандыруу;
- чектелген убакыт мезгилдеринде өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүүгө багытталган мамлекеттик башкаруунун заманбап инструменттерин киргизүү;
- калктын жашоо сапатын жогорулатуу, ишкердик климатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
4. Программанын негизинде так чектелген 100 күндүк мөөнөттүн алкагында коюлган максаттарга жетүүнү караган методология турат.
5. Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) процесстерге караганда натыйжалардын артыкчылыгы;
2) мөөнөттөрдүн чектелгендиги жана ресурстардын концентрациялануусу;
3) ведомстволор аралык координациялоо жана командалык иш;
4) ачыктык жана айкындуулук;
5) эксперттик жана бизнес-коомчулукту тартуу (зарылдыгына жараша);
6) башкаруу жана мониторинг процесстерин санариптештирүү;
7) заманбап инновациялык инструменттерди киргизүү.
6. Программанын алкагындагы реформалар экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун негизги секторлорундагы көйгөйлүү маселелерди жоюуга багытталган, жарандардын жашоо сапатына, ишкердик климатты жакшыртууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жана алардын процесстерин санариптештирүү деңгээлин жогорулатууга түздөн-түз таасирин тийгизген конкреттүү, практикалык багытталган чечимдерди билдирет.
7. Программаны ишке ашыруунун алкагында комплекстүү аналитикалык жана уюштуруу иштерин жүргүзүү камсыз кылынат, ага төмөнкүлөр кирет:
– көйгөйлүү багыттарды ар тараптуу диагностикалоо;
- так түзүмдөлгөн максаттарды жана индикаторлорду аныктоо;
- коюлган милдеттерге жетишүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- координациялык иш-чараларды жана жолугушууларды үзгүлтүксүз уюштуруу;
- Программаны ишке ашыруу боюнча аралык жана жыйынтыктоочу иш-чаралар боюнча мезгил-мезгили менен отчет берүү.
8. Ушул Жобонун колдонулушу Программаны ишке ашырууга тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, башка мамлекеттик органдарга жана ведомстволорго жайылтылат.
9. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) «Өкмөттүк акселераторлор» программасы – конкреттүү тармактык же тармактар аралык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 100 күндүк мөөнөт форматында ишке ашырылуучу маселелердин (челлендждердин) жыйындысы;
2) челлендж – Программанын 100 күндүк мөөнөтүнүн алкагында өлчөнүүчү натыйжага жетишүү менен чечилүүгө тийиш болгон системалык көйгөй;
3) 100 күндүк мөөнөт – милдеттерди коюудан тартып өлчөнүүчү натыйжага жетүүгө чейинки толук башкаруу циклин камтыган реформаны ишке ашыруунун белгиленген мезгили;
4) ведомстволор аралык жумушчу топ – конкреттүү реформаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, эксперттерден, бизнестин өкүлдөрүнөн жана башка кызыкдар тараптардан турган адамдардын убактылуу түзүлүүчү тобу;
5) жол картасы – мөөнөттөрдү, жооптуу аткаруучуларды жана күтүлгөн натыйжаларды көрсөтүү менен бекитилген иш-чаралардын планы.
2-глава. Артыкчылыктуу маселелерди (челлендждерди) иштеп чыгуу, аныктоо жана тандоо процесси
10. Программанын алкагында чечилүүгө тийиш болгон системалык жана тармактык маселелерди (челлендждерди) түзүү жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн координациясы менен гана жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү туруктуу негизде өз алдынча же мамлекеттик органдар, уюмдар жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүдө артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоону, түзүмдөштүрүүнү жана тандоону жүзөгө ашырат.
12. Маселелерди (челлендждерди) түзүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
- тармактарды жана тармактар аралык өз ара байланышты терең диагностикалоонун;
- административдик тоскоолдуктарды, кайталануучу бюрократиялык талаптарды, ашыкча жол-жоболорду жана институционалдык чектөөлөрдү талдоонун;
- көйгөйлөрдүн калктын жашоо сапатына жана ишкердик чөйрөгө тийгизген таасирин баалоонун;
- бизнес-процесстерди санариптештирүүнүн жоктугунан аларды талдоонун;
- колдонуудагы ченемдердин, практиканын жана мамлекеттин стратегиялык максаттарынын ортосундагы карама-каршылыктарды аныктоонун.
13. Мамлекеттик органдар чечилүүгө тийиш болгон маселелерди (челлендждерди) түзүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бардык түзүмдүк бөлүмдөрдү тартуу менен ички кеңешмелерди жана жумушчу сессияларды уюштурууга;
- жетекчилердин орун басарларынын, профилдик башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн катышуусун камсыз кылууга;
- формалдуу мамилеге жана милдеттерди бир аткаруучуга жүктөө практикасына жол бербөөгө;
- сунуштарды жамааттык талдоонун жана кесиптик талкуунун негизинде түзүүгө;
- Программанын алкагында кабыл алынган чечимдердин милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылууга.
14. Программаны ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн суроо-талабы боюнча маселелерди (челлендждерди) түзүү боюнча сунуштарды берүүнү камсыз кылууга тийиш.
15. Маселелерди (челлендждерди) түзүүдө төмөнкүдөй талаптар милдеттүү түрдө сакталууга тийиш:
- туюндурмалар конкреттүү, так жана түшүнүксүз чечмелөөнү жокко чыгарышы керек;
- маселелер (челлендждер) учурдагы мезгилдин реалдуу жана актуалдуу чакырыктарын жана көйгөйлөрүн чагылдырышы керек;
- маселелердин (челлендждердин) туюндурмалары иш-аракеттик мүнөздө болуп, өзгөртүүгө багытталган этиштер менен башталууга тийиш (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: «жөнөкөйлөтүү», «кыскартуу», «жоюу», «оптималдаштыруу», «автоматташтыруу», «кайра карап чыгуу»);
- маселелер (челлендждер) ведомстволор аралык мүнөзгө ээ болууга жана бир нече мамлекеттик органдын координациясын талап кылууга тийиш;
- ар бир маселе (челлендж) 100 күндүк мөөнөттө өлчөнүүчү натыйжага жетүүгө жана туруктуу, ошондой эле андан ары масштабдаштырууга багытталышы керек;
- ар бир маселенин (челлендждин) максаттары S.M.A.R.T. критерийлерине (specific – конкреттүү, measurable – өлчөнүүчү, ambitious – амбициялуу, relevant – актуалдуу, time-bound – убакыт боюнча чектелген) ылайык келүүгө тийиш, бул күтүлүп жаткан натыйжаларды так түшүнүүгө жана аткарылышын объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.
16. Маселелер (челлендждер) учурдагы кыйынчылыктардын жөн гана сүрөттөлүшү болбостон, кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган системалуу кайра түзүүлөрдү ишке киргизүү инструменти болууга тийиш.
3-глава. Программаны ишке ашырууну ресурстук камсыз кылуу тартиби
17. Программа мамлекеттин ички уюштуруучулук, башкаруучулук жана институционалдык ресурстарын максималдуу мобилизациялоо, ошондой эле мүмкүн болгон тышкы эксперттерди жана донорлорду тартуу принцибинин негизинде ишке ашырылат.
18. Программанын алкагында аныкталган көйгөйлөрдү чечүү республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын тартпастан, тиешелүү жылга каралган мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде ишке ашырылат.
19.
4-глава. Реформалардын 100 күндүк циклин ишке ашыруу механизми
20. Ар бир маселени (челленджди) ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн координациясы менен так чектелген 100 күндүк цикл форматында жүзөгө ашырылат.
21. Ар бир цикл төмөнкүдөй өз ара байланышкан этаптарды камтыйт:
1) кайра кароо (диагностикалоо) этабы – көйгөйдү терең талдоо, анын түпкү себептерин жана чектөөлөрүн аныктоо;
2) чечимди долбоорлоо этабы – так индикаторлору, мөөнөттөрү жана жооптуу аткаруучулары менен жол картасын иштеп чыгуу;
3) интенсивдүү ишке ашыруу этабы – туруктуу координациялоо жана келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу менен чечимдерди ыкчам киргизүү;
4) институтташтыруу этабы – жетишилген чечимдерди ченемдик укуктук актыларда, жол-жоболордо жана санариптик системаларда бекемдөө.
22. Ар бир маселени (челленджди) ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт, анын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан координацияланат.
23. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрү;
- эксперттер жана аналитиктер (макулдашуу боюнча);
- бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
- релеванттуу компетенцияга ээ болгон башка адистер (макулдашуу боюнча).
24. Ведомстволор аралык жумушчу топтордун иши туруктуу жумушчу сессиялар, кеңешмелер жана аралык отчеттуулук менен жогорку интенсивдүүлүк режиминде жүзөгө ашырылат.
5-глава. Маселени (челленджди) ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликтин тартиби
25. Программанын алкагында аныкталган ар бир маселе (челлендж) анын негизги иши ушул маселе (челлендж) менен камтылган чөйрө болуп саналган конкреттүү мамлекеттик органга – жооптуу аткаруучуга бекитилет.
26. Жооптуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат:
- маселени (челленджди) чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-аракеттерин координациялоо;
- 100 күндүк мөөнөттүн алкагында белгиленген көрсөткүчтөргө жана максаттуу багыттарга жетишүү;
- маселени (челленджди) ишке ашыруунун жүрүшү жана келип чыккан тобокелдиктер жөнүндө анык маалымат берүү.
27. Ведомстволор аралык жумушчу топтогу ар бир маселе (челлендж) үчүн милдеттерди координацияланган аткарууну камсыз кылуучу, маселени (челленджди) ишке ашырууга катышкан башка мамлекеттик органдардын жетекчиси жана орун басарлары, ошондой эле жооптуу кызматкерлер дайындалат.
6-глава. Талдоо жана отчеттуулук системасы
28. Программанын алкагында маселелерди (челлендждерди) ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн координациясы менен туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
29. Мониторинг системасы төмөнкүлөргө багытталат:
- белгиленген максаттардан, индикаторлордон жана мөөнөттөрдөн четтөөлөрдү өз убагында аныктоого;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алууга;
- ар бир маселе (челлендж) боюнча конкреттүү жана өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүүгө контролду жүзөгө ашырууга.
30. Ведомстволор аралык жумушчу топтор маселелерди (челлендждерди) ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду үзгүлтүксүз берип турууну камсыз кылууга милдеттүү.
31. Отчеттор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн дарегине төмөнкү контролдук мөөнөттөрдө берилет:
- маселе (челлендж) ишке ашырыла баштагандан тартып 25 календардык күндүн жыйынтыгы боюнча;
- 50 календардык күндүн жыйынтыгы боюнча;
- 75 календардык күндүн жыйынтыгы боюнча;
- жетишилген акыркы натыйжаларды чагылдыруу менен 100 календардык күндүн жыйынтыгы боюнча.
32. Берилүүчү отчеттор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жетишилген аралык жана жыйынтыктоочу натыйжалар жөнүндө маалыматты;
- белгиленген индикаторлордун аткарылышынын даражасын;
- келип чыгуучу көйгөйлөрдүн жана тобокелдиктердин сүрөттөлүшүн;
- аларды ыкчам жоюу боюнча сунуштарды.
33. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү:
- берилген отчетторго талдоо жүргүзөт;
- маселени (челленджди) ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты даярдайт;
- маселени (челленджди) ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна киргизет;
- координациялык кеңешмелерди өткөрүүнү демилгелейт.
34. Маселелерди (челлендждерди) ишке ашыруунун белгиленген индикаторлорунан четтөөлөр аныкталган учурда ведомстволор аралык жумушчу топтордун иш-аракеттерин оңдоону жана милдеттерди кайра бөлүштүрүүнү кошо алганда жооп кайтаруунун ыкчам чаралары көрүлөт.
7-глава. Маселелерди (челлендждерди) ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу тартиби
35. Ар бир маселени (челленджди) ишке ашыруунун жыйынтыгы 100 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин гана чыгарылат.
36. 100 күндүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу түзүмдүк бөлүмү тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте маселени (челленджди) ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырган комплекстүү жыйынтыктоочу материалдарды даярдоону камсыз кылат.
37. Төмөнкүлөрдү чагылдырган сапаттуу визуалдык материалдар даярдалат:
- баштапкы абал (маселе (челлендж) ишке ашырыла баштаганга чейинки жагдай);
- аныкталган көйгөйлөр жана тоскоолдуктар;
- 100 күндүк мөөнөттүн алкагында көрүлгөн чаралар;
- жетишилген натыйжалар жана конкреттүү өзгөрүүлөр;
- жарандар, бизнес жана мамлекеттик башкаруу системасы үчүн практикалык натыйжа.
38. Көрсөтүлгөн материалдар көрсөтмөлүү, мазмундуу жана далилдүү мүнөздө болууга, жетишилген өзгөрүүлөрдү визуалдаштырууну камсыз кылууга тийиш.
39. Жыйынтыктоочу материалдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аппараттык кеңешмелеринин кароосуна киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.