# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 24-июлу № 122 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2026
- Статусу: Күчүнө кире элек
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049076/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5803/edition/56381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049076/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049076/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 929-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучунун эсебинен жүргүзүлөт. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү камсыздандыруу үчүнчү жактардын эсебинен жүргүзүлө турган учурлар каралышы мүмкүн.";

2) 933-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого (легалдаштырууга) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган камсыздандыруучу, камсыздандырылган жак жана пайда табуучу жөнүндөгү, ал жактардын мүлктүк абалы жөнүндөгү, ал эми жеке камсыздандырууда алардын ден соолугунун абалы жөнүндөгү да башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз.";

3) 947-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндө келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештиктерди (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230049076/st-2)
