# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 570-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы инвестициялык макулдашууну жактыруу жана ага кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 570-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы инвестициялык макулдашууну жактыруу жана ага кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 570-т
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230049057>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19952/edition/56357/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230049057.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 570-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы инвестициялык макулдашууну жактыруу жана ага кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө) тескемеси (27.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230049057

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 27-июлу № 570-т

Ош шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары менен имараттардын комплексин куруу, анын ичинде жеке турак үйлөрдү куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Ош шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары менен имараттардын комплексин куруу, анын ичинде жеке турак үйлөрдү куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
