Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы инвестициялык макулдашууну жактыруу жана ага кол коюуга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-июлу № 570-т
Ош шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары менен имараттардын комплексин куруу, анын ичинде жеке турак үйлөрдү куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө, 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Кунлунь» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Ош шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, парк зоналары менен имараттардын комплексин куруу, анын ичинде жеке турак үйлөрдү куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198